Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.01.2019 17:26

Жети-Өгүздө 2 унаа сүзүшүп, бири жардан кулап кетти (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жол кырсык болуп, жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя бүгүн, 12-январда саат 12:00 чамасында Саруу менен Даркан айылдарынын ортосунда болду.

1981-жылы туулган К.Т. (эркек киши) «Ауди-100» автоунаасын башкарып бара жатып, каршы тилкедеги «Волга» автоунаасы менен сүзүшкөн. Экинчи унааны 1945-жылы туулган М.А. (эркек киши) башкарып жүргөн.

Окуянын кесепетинен «Аудинин» айдоочусу жана жүргүнчүсү — 1981-жылы туулган Ч.К. жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×