Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.01.2019 15:22

«Маянабызды бир түкүрүк үчүн төлөйбүзбү?»: Таксисттер жаңы мыйзамдарга нааразы (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Бишкекке каттоочу таксисттер мэриянын, ички иштер бөлүмүнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жолдо жүрүүнүн кээ бир эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын жогорулашы тууралуу, ал эми ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы мыйзамдар жөнүндө айтып беришти.

Айдоочулар жаңы мыйзамдардын чыгышына нараазычылыктарын билдиришти.

Алар мамлекет башчылары алгач жарандарга шарт түзүп берип, таштанды таштоочу урналарды, тамеки чегүүчү жайларды жасап, андан кийин азыркы жаңы мыйзамдарды күчүнө киргизишсе болмок деп эсептешет. Алар жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды жогорулатуунун алдында айлык маянаны көбөйтүшсө болмок деген пикирде.

«Бул мыйзамдар башка мамлекеттерде иштеп жатканы менен алардын экономикасы, жарандардын айлык маянасы жогору болуп, жашоо-шарты туура келет. Бир айлык маянабызды бир түкүргөн үчүн төлөйбүзбү?», - дешет айдоочулар.

2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдардын ичинде жол эрежесин бузган айдоочуларга салынуучу айыппулдун өлчөмү бир нече эсе көбөйдү. Эгерде мас абалында унаа айдаган жаранга 17 500 сом айыппул салынат. Андан тышкары коомдук жайларда түкүргөндөргө 5500 сом айыппул каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×