Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.03.2019 21:35

«Жеңеке»: Чолпон жаңы келин болгондо кайын журту милиция, ооруканага чейин издөө салган (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 36 жаштагы Чолпон Өмүрканова. Ал Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. Беш бир туугандын экинчиси.

Өзүнүн айтымында, ал мектепте окуп жүргөндө котормочу болуп, Америкага барууну кыялданчу. Кийин мугалимдик кесиптин ээси болгон.

«Мектепте аябай шок элем, мугалимдер: «ушу сен мугалим болуп, биздин баркыбызды түшүнсөң экен» дешчү эле. Анда мен котормочу болуп, дүйнө кыдырам деп кыялданчумун. Мектепти аяктап, Каракол шаарындагы окуу жайлардын биринде билим алып, 5-курста окуп жүргөндө турмушка чыктым.

Жолдошум Эрмек Кубаткулов Каракол шаарынын тургуну. Жаңы келин болуп барган кезде кайын журтум менен чогуу жашачубуз. Бир күнү окуу жайда жыйын болуп, чоң залга студенттердин баарын киргизип, эшикти жаап салышты. Жыйын сабактан кийин башталып, кечке чейин уланды. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон жок болчу. Үйдөгүлөргө айтпай калдым эле, эми эмне болот деп сарсанаа болуп отура бердим. Ошентип окуу жайдан чыгып, үйгө барганча кечки саат 21:00 болду. Барсам кайын журтум мени издеп, кыдырбаган жерлери калбаптыр. Төркүнүмө, милицияга, жада калса ооруканага чейин барып издешиптир. Ошондо аябай уялганым эсимде», - дейт ал.

Анын айтымында, ал турмуш-шартка байланыштуу окууну аяктагандан кийин иштеген эмес.

«Кайын энем раматылык жакшы киши эле. Мен келин болуп барганда тубаса ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кайын эжемди бакчу. Окууну бүткөндөн кийин мен иштеген жокмун. Анткени кайын энемдин ден соолугу начарлап кетти, үйдө эки оорулуу адамды багып калдым. Турмуш деген адамга ар кандай сыноо берет экен. Жолдошум мамлекеттик кызматта иштечү. Ооруган кайын эжем менен төшөктө жаткан кайын энемди багууда кыйынчылык болгондуктан иштен чыгып кетти. Кайын энемдин көзү өтүп кетти. Кайын эжемдин ден соолугу жакшырган жок. Турмушта болгон бардык сыноолорду жеңүүгө аракет кылып келебиз. Эч качан жашоомо нааразы болгон эмесмин.

Жолдошум учурда «Хадия-Нур» кайрымдуулук фондун түптөп, кайрымдуулук иштер менен алектенет. Азыр мен Каракол шаарындагы №1 инновациялык мектепте мугалим болуп иштейм. Жолдошум экөөбүз 5 балалуу болуп, аларга татыктуу тарбия берүүгө аракет кылып жатабыз», - дейт Чолпон Өмүрканова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×