Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуТүп району 10.02.2019 23:30 Жаңыланды: 10.02.2019 23:30

Жеңеке: Ысык-көлдүк Гүлгүнай жаңы келин болгондо кайын атасына аял алууну сунуштаган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 38 жаштагы Гүлгүнай Ордобаева. Ал Түп районунун Жылуу-Булак айылында туулган. Кийин Түп районунун Талды-Суу айылына келин болгон.

Өзүнүн айтымында, мектепти жаңы бүтүп, жогорку окуу жайдан билим алууну пландап жатканда турмушка чыккан.

«Мектепти бир жаш улуулар менен бүттүм. 16 жашымда коңшу айылга келин болуп келдим. Кайын атам ошол кезде 69 жашта экен. Мен келгенде кайын энемдин каза болгонуна 6 жыл болуптур. Анда мен жаш болгондуктан кайын атама: «Ата, аял албайсызбы» деп ачык эле айтканым эсимде. Атам болсо: «Балам, аял алчу курактан өтпөдүмбү» деген эле.

Азыр кайын атам өз атамдай эле болуп калды. 90 жаштын тамагын ичип жатат. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Түп районунун ардактуу атуулу. Ал дайыма «менин жашыма чык» деп батасын берет. Атамды өзүм жуунтуп, ар дайым кийимдерин таза кармап, конокторго алып барам», - дейт Г.Ордобаева.

Анын айтымында, учурда ал 4 баланын энеси болду.

«Мен жаңы келин болуп барган жылы уйлар удаа төлдөп, түндө туруп уй саачумун. Күндүз көк сүттү казанга куюп, бышканча уктап калып, кайындарыма уят болгон элем. Ошондон кийин сүт бышырып, уютуп койгондон кийин гана уктачу болдум.

Жолдошум Төлөнбек Иманбеков менен бирге түтүн булатканыма быйыл 22 жыл болду. 3 кыз, бир уулубуз бар. Жолдошум мал жана дыйкан чарба менен алектенет. Мен Түп айыл өкмөтүндө эмгектенем», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.1% (842)
«РСК Банк»
28.87% (539)
«Айыл Банк»
8.68% (162)
...
Всего голосов: 1867
×