Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.01.2019 16:21

Түптө быйыл күчүнө кирген кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө (фото)

Turmush -  Түп районунда 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу акимиаттын аппарат жетекчиси Д.Сатаров билдирди.

Анын айтымында, ага аким Э.Жантаев, райондук прокуратура, РИИБдин, УКМКнын райондук бөлүмүнүн башчылары жана райондогу мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мектептердин жетекчилери, соцпедагогдор жана райондогу жер-жерлерде түзүлгөн комиссиялар катышууда.

«Анда өкмөттүн «Бузуулар жөнүндө кодекси» жана бузуулар жөнүндө бирдиктүү реестр менен иш алып баруу боюнча 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодекстер боюнча түшүндүрмө жыйындар өткөрүлүп, райондун жалпы активине жана райондогу жалпы жарандарга туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, райондук жол кайгуул кызматы акимиаттын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүнчүлөрдү ташыган такси кызматындагы иштеген жарандарга жаңы кодекстер тууралуу маалыматтарды беришти», - деди Д.Сатаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×