Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.01.2019 12:11

Түптө айдоочуларга айып пулдардын көтөрүлгөнү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Turmush -  Түп районунда жол көзөмөлдөөчүлөр тарабынан айдоочулар менен жүргүнчүлөргө айып пулдардын көтөрүлгөнү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат, деп билдирди ЖКККнын Түп райондук бөлүмүнүн башчысы, майор Мурат Жумабаев.

Анын айтымында, мындай иштер айдоочулардын жоопкерчилигин көтөрүү максатында жүргүзүлүүдө.

«Жаңы кирип келген жыл менен кошо кыргызстандыктар үчүн «Административдик жана Мыйзам бузуулар тууралуу» кодексиндеги айып пулдар жөнүндө эл ташыган автоунаалардын ээлери менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү штерин жүргүзүп, алардын суроолоруна жооп бердик. Жол эрежелерине ылайык айып пулдарга токтолуп, айдоочулардын жоопкерчилигин көтөрүү максаттарына токтолуп, аптечка, өрт өчүрүүчү жабдыктардын ар кандай өзгөчө кырдаалга даярдыгын текшердик», - деди М.Жумабаев.

Анын маалыматы боюнча 2018-жыл ичинде Түп району боюнча өрт өчүргүчтүн жок болгондугуна байланыштуу зымдардын туташуусунан өрт чыгып, 3 автоунаа толук бойдон күйүп кеткен. Бир унаа 7 мүнөттүн ичинде толук күйүп жок болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×