Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.01.2019 11:41

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде бир жылда 1 млн адам эс алды

Turmush -  Ысык-Көлдүн түндүк жээгине 2018-жылы 1 млн эс алуучу келди. Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин айтымында, туристтер менен Кыргызстандын аймактарынан келген эс алуучулардын саны 1 млн 12 миң адамга жеткен.

Ал эми курорттук мекемелерден топтолгон салык 166 млн сомго жетти. 2017-жылы бул көрсөткүч 144 млн сом болгон.

«Мисал катары айтсак, бизге 2015-жылы 1 млн 200 миң адам эс алууга келсе, 2007-жылы 1 млн 100 миң эс алуучу болгон. Кийин бул сандар өзгөрбөй, төмөндөп кетти. Эми эс алуучулардын саны өсүп жатканына кубанычтабыз», - деди аким.

Анын айтымында, учурда кышкы туризмди да өнүктүрүү, керектүү шарттарды түзүү менен инфраструктураны жакшыртуу аракеттери жүрүп жатат. Ошондой эле чет элдиктердин кызыгуусун арттырган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×