Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ысык-Көл облусуТүп району 10.01.2019 11:07

Түптүн Долон айылындагы авариялык абалдагы көпүрө адамдарга коркунуч жаратууда (фото)

Turmush -  Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнө тиешелүү Долон айылынын жанындагы көпүрө тар болгондуктан авариялык кырдаалды түзүп, каттагандарга коопсуздук жаратып келет, деди Долон айылынын тургуну Мукай Турумов.

«Бул көпүрө Долон айылына жакын жайгашкан Долон көлүнөн агып чыккан суунун үстүнө 1960-жылдары салынган. Арал айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө, Долон айылдарынын жашоочулары күндө бул көпүрөдөн өтүп турушат. Ушул эле айыл аймактын Сары-Дөбө, Миң-Булак айылдарынын айдоо жерлери Долон айылынын үстүндөгү бөксө тоолорунда жайгашкандыктан жаз-күз дайыма ушул көпүрөдөн өтүшөт.

Мындан тышкары Түп—Токтоян чоң жолу оңдоо же курулуш убагында Карасаев айыл өкмөтүнүн 3 айылынын адамдары ушул көпүрөдөн өтүшөт. Бул көпүрөнүн сырын билбегендер ар кандай кырсыктарга учурап турат. Миң-Булак айылынан Манап Курманов аттуу адам көпүрөнүн тардыгынан сууга кирип кетип, мал сугарып турган адамдын жана уйлардын үстүнө кулап түшкөн. Жайы-кышы мал ушул көпүрөнүн жанынан суу ичишет, балдар сууга түшүп, кышында хоккей ойноп, муз тебишет.

Өзүңөр көрүп тургандай көпүрөнүн чыгыш жагынан кеткен жарака жыл сайын чоңоюп бара жатат. Айыл өкмөтүнө жыл сайын кайрылабыз. Бул Транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү көпүрө, биздин бюджет муну көтөрө албайт деп келишет. Жайында суу кирген мезгилде Долондун ашкан суусу бул көпүрө аркылуу өткөндө болгон коркунучту айтпасак деле белгилүү», - дешти М.Турумов менен Арал айылдык кеңешинин төрайымы Насипа Амаспаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×