Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.01.2019 14:38

Караколдо тал-теректин, ийне жалбырактуу дарактардын 15 миң көчөтү отургузулат

Turmush -  Каракол шаарында муниципалдык «Жашылдандыруу» ишканасы көк теректердин көчөттөрүн жазында отургузууга даярдоодо, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ишкананын кызматкерлеринин айтымында, быйыл 15 миңге жакын тал-теректердин жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулат.

«Аларды даярдоо иши башталды. Алгачкылардан болуп көк теректер даярдалууда. Аларды кыркып, ишкананын короосунан атайын технологиянын негизинде кар алдында өстүрүп, жазгыга даярдайбыз», - дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×