Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.01.2019 13:43

Ак-Суунун Жолколот айылында 13 неберелүү чоң эне чана тебүүчү аянтча ачты (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жолколот айылында чана тебүүчү аянтча ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аянтчанын узундугу 300 метр. Анын 170 метрине атайын аркан менен көтөрүлүүгө болот.

«Чаналарды Түркиядан атайын буйрутма менен алдырдык. Менин 13 неберем, 2 чөбөрөм бар. Башында кышкысын аларды ойнотуп жүрүп, ушул жайды ачуу идеясы пайда болду. Анткени күндө тоо лыжа базасына чана тебүүгө балдарды алып бара албайбыз. Элетте балдар ойноого жакшы шарт түзүүнү максат койгом. Алар таза абада ойносо экен деген тилегим бар», - дейт 72 жаштагы Атыркүл Иманалиева.

Чана тебүү аянтчасы 4-январдан баштап иштеп жатат. Ага Каракол шаарынан да эс алуучулар барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×