Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.01.2019 22:15

Айыл турмушу: Сырт өрөөнүндө «доктур келин» атка конгон Ф.Ибраимова келиндердин төрөтүн да кабыл алат (фото)

Turmush -  Фатима Ибраимова Жети-Өгүз районунун алыскы Сырт өрөөнүнүн Ак-Шыйрак айылында 23 жылдан бери фельдшер-акушер болуп эмгектенет. Элеттик медайым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Түп районунун Кең-Суу айылындагы мектепти окуп бүткөндөн кийин Каракол шаарындагы медициналык колледжди аяктаган. Андан кийин Ак-Шыйрак айылына келин болуп барган. Жолдошу Марат Орозалиев менен бирге 1995-жылдан бери түтүн булатып келет.

«2007-жылга чейин келиндердин төрөтүн кабыл алып, далай ымыркайлардын киндик энеси болдум. Катаал шартта жашаган чабандардын үйлөрүнө чейин барып, ден соолуктарын текшерип, келиндердин төрөтүн кабыл алган учурлар көп болду», - деди ал.

Анын айтымында, ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери саламаттыкты сактоо тармагында иштеп келет.

«Шарты катаал аймакта жашагандыктан түнкүсүн чакыруу түшкөндө бейтаптардын үйүнө барууга туура келет. Айрым учурда караңгыда жолдо карышкырлар коркунуч жараткан учурлар болот», - деди ал.

Ал эми Сырт өрөөнүнүн эли Фатима Ибраимованын колу жеңил медайым экенин айтышат.

Анын жолдошу Марат Орозалиев мектепте мугалим болуп эмгектенет. Жолдошу экөө 3 баланы тарбиялап, неберелүү болгону менен аны Сырт өрөөнүнүн эли «доктур келин» деп сыйлашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×