Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.01.2019 17:05

Караколдо 7 аймактын башчылары шайланат

Turmush -  Каракол шаарында 7 аймактын башчыларын шайлоо болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, шайлоо 14-22-январь күндөрү өтөт.

«Учурда талапкерлер документтерин өткөрүп жатышат. Шайлоо ачык түрдө өтөт. Аймакка башчы болом дегендер бир жыл мамлекеттик кызматта же 3 жылдык эмгек тажрыйбасы болушу керек. Ошондой эле жогорку билимдүү, мурда соттолбогон болушу шарт», - дешти мэриядан.

2 жылдан бери шаардык кеңештин чечими менен аймак башчылары 10 миң сомго жакын айлык маяна алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×