Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.01.2019 15:35

Караколдо балдар үчүн муз тебүүчү аянтчалар иштеп жатат

Turmush -  Каракол шаарында балдар кышкы каникулду коньки тебүү менен өткөрүүдө. Бул туурлуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, конькини бир саатка ижарага алуу акысы 80-100 сомду түзөт.

«Кышкы каникул болгондуктан муз тебүү үчүн балдары менен келген үй-бүлөлөр бар. Күн жылуу болуп, муз аянтча кеч иштеди. Эки күндө бир балдарды муз тебүүгө алып келип жатабыз. Үйдө телефонго алаксып, сыналгы көргөнгө караганда таза абада муз тепкен жакшы», - деди шаар тургуну Гүлия Камбарова.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, учурда шаар аймагында 3 муз тебүүчү аянтча расмий иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×