Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.01.2019 15:06

Эки адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Маркумдун жакыны иштин жүрүшүнө нааразы (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда жол кырсыктан улам каза болгон адамдын жакыны иштин жүрүшү боюнча өз нааразычылыгын билдирип чыкты.

Маркумдун тууганы Эрнист Жээнтаев Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, 2018-жылдын 24-декабрында Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында болгон жол кырсыктан каза болгон Ж.Шериф анын атасынын иниси болот.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жол кырсык 24-декабрда саат 23:45 чамасында Балыкчы—Чолпон-Ата—Каракол унаа жолунун 60-чакырымында, тактап айтканда Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында катталган. Анда «Хонда-Степ» жана «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракат алышкан.

«Ошол күнү агам Алмата шаарынан алма сатып, Бишкектен айылга «Хонда-Степ» унаасына таксиге отуруп келе жаткан. Ошол окуядан «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаадан менин агам, дагы бир жүргүнчү каза болду. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу И.Динара карама-каршы тилкеге чыгып, «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсык болгон күнү тез жардам унаасы эки айдоочуну тең салып кетишкен. «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун спирт ичимдигин ичкендигине экспертиза өткөргөн, бирок «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна шокко каршы дары сайылып калгандан кийин кан алышкан. Ал эми дарынын курамында спирт бар экен. Эми спирт ичимдигин ичкен-ичпегени аныкталбай калабы деп чочулап жатабыз. «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу мас эмес болчу деген билдирүүгө күмөнүбүз бар.

Ушул убакка чейин тергөөчү тарабынан кылмыш иши козголо элек. Эки адамдын өмүрүн алган жол кырсык болуп жаткандан кийин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин негизинде кылмыш иши козголушу керек экен. Тергөөчү Райкан Жакшылыковадан сурасак экспертизанын жыйынтыгы келмейинче иш козгой албай турганын айтты. Бирок картада унаа карама-каршы тилкеге чыгып, сүзгөнү көрүнүп эле турат. Биз тергөө иштери адилеттүү жүрүшүн талап кылабыз. Бул боюнча ИИМге дагы арыз жазып кайрылдык», - деди ал.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, бул жол кырсык боюнча кылмыш иши козголот.

«Жол кырсыктан улам 2 жаран каза болгон. Бирок окуя атайын жасалган эмес деген квалификацияга киргендиктен, бул иш бир гана жабырлануучу тараптын арызынын негизинде козголуп калат. Жабырлануучулар арызды өз убагында жазган эмес. Ошонун негизинде тергөөчү кылмыш ишин козгобой, токтотуп койгон. Эми жогорудагы тергөөчүнүн чечимин прокуратура жокко чыгарат. Жаңы мыйзамга ылайык кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш жаза кодексинин атайын ошо кылмышка тиешелүү беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынат. Башкача айтканда мурунку мыйзамдын түшүнүгү менен айтканда кылмыш иши козголот. Ал эми ичимдик ичкен-ичпегени боюнча «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан атайын тиешелүү анализдер алынып, экспертизага берилген. Шокко каршы дары сайылып калган күндө деле анын курамындагы спирт менен ичкен спирт ичимдигин айырмасы болот. Ошого жараша экспертиза жыйынтыгын чыгарат», - деди С.Усубакунов.

Буга чейин Turmush басылмасы маалымдагандай, «Мерседес-Бенц» унаасын Чоң-Сары-Ой айылынын 1980-жылы туулган тургуну И.Динара, ал эми «Хонда-Степ» унаасын 1971-жылы туулган М.Мирбек аттуу жаран башкарып бара жаткан. Эки унаа Сары-Ой жана Чоң-Сары-Ой айылдарынын ортосунда сүзүшкөн. Анын кесепетинен «Хонда Степ» унаасынын жүргүнчүлөрү — 1984-жылы туулган Ж.М. жана 1963-жылы туулган Ж.Ш. ооруканадан каза болгон. Дагы 2 жүргүнчү — 1984-жылы туулган Т.Э. жана 1993-жылы туулган Ж.М. ооруканага жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×