Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 08.01.2019 11:28 На русском

Ак үйдүн алдына түкүргөн жаран Ысык-Көлдөн кармалды. Ал тууралуу эмне белгилүү? (сүрөт, видео)

Turmush -  Ак үйдүн алдына түкүргөн Рамис Закирияевди Ысык-Көл облусунун Тоң районунан Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Бул тууралуу Тоң РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Закирияев Рамис 1992-жылы Тоң районунун Эшперов айылында туулган.

«Биз Р.Закирияев аттуу жаранды кечээ чакыртып сүйлөштүк. Бирок окуя Биринчи май районунун аймагында болгондуктан ишти өткөрүп бердик. Бүгүн эртең менен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны Тоң районунан алып кетишти», - деп айтылат маалыматта.

Рамис буга чейин көйгөйлөрдү кантип чечүү керектиги боюнча өзүнүн оюн билдирген видеолорду жарыялап келген. Анда ал көйгөйлөрдү чечүү маселесин кийинкиге калтырбоо керектигин жана бир маселе чечилген соң, кийинкисин чечүү оңой болорун айткан.

Рамис мындан тышкары, өлкөнү өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу да өз пикирин билдирген. Ал мисал катары Бишкек шаарынын борбордук аянтына орнотулган жаңы жылдык балатыны айтып, жасалма балаты орнотуу туура чечим болгонун билдирген.

Мындан тышкары, ал Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин алган дипломдун пайдасы жок экенин билдирип, аны өрттөп салгандыгын видеого үшүрүп, интернетке жарыялаган.

Буга чейин Бишкек шаардык милициясы маалымдагандай, 2019-жылдан тарта күчүнө кирген кодекске ылайык (Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуу жөнүндө кодекс) коомдук жайларга түкүргөнү үчүн административдик жазага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тартат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×