Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 08.01.2019 09:00 На русском

«Чек арадагылар ден соолугумду аябай сурашып...»: Ысык-көлдүк Илим Карыпбековдун кызыктуу окуялары

Turmush -  Turmush басылмасы окшош ысымдарга байланыштуу кызыктуу макалаларды жарыялоону улантат.

Буга чейин Кара-Көл шаарынын тургуну Камчы Көлбаев малга кол салып жүргөн карышкыр кантип кармалганын айтып берген.

Ошто «миллионер» аталган Ж.Атамбаевге таандык «Айдар-Ата» чайканасын бузуп жатышат, бирок кардарларга кызмат көрсөтүү уланууда

Ж.Бакиев: Мамажандыктар үлпөт тойдогу кортеждерге тыюу салышты

Т.Текебаев трактору менен Кытай айылындагы элдин кызматында

Кыздуу болгондон кийин катуу токмоктолгон Асылбек Жээнбеков эс-учун жоготуп ооруканага жатты аттуу материалдар жарык көргөн. Бул жолу аймактык кабарчы ысымы жана фамилиясы КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун аты-жөнүнө окшош Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүндөгү Темир-Канат айылынын 32 жаштагы тургуну менен таанышты.

Ысык-көлдүк Илим Карыпбековдун айтымында, көпчүлүк адамдар аты-жөнү тууралуу суроолорду көп беришет.

«Менин аты-жөнүмө көпчүлүк адам кызыгышат. “Сенин аты-жөнүң ушундайбы же атайын жасатып алгансыңбы?” деген көп суроолорду беришет. Атамдын аты ушундай болуп калса мен эмне кылайын. Социалдык тармактарда КТРКнын директору экен деп ойлоп, жеке баракчама жана постторума комментарий жазышат. Башында мындай кайрылууларга жиним келчү, азыр көңүл бөлбөй да калдым. Илим Карыпбековду ушул КТРКны жетектеп келгенден бери таанып калдым.

Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылып, ооруканадан чыккан кези болсо керек. Ошондо Алмата шаарына иш сапары менен бара жаткам. Чек арадан өтөйүн деп паспортумду сунсам, кызматкерлер мени бир карап, паспортумду бир карап “саламатсызбы, жакшы болуп калдыңызбы?” деп ден соолугумду сурашты. Мен күлүп, “ооба” деп койдум», - деди Илим Карыпбеков.

Ага социалдык тармактардан Илим Карыпбеков экен деп ойлогондор ар кандай өтүнүчтөр менен кайрылышат.

«Жакында эле бирөө “сиздин номуруңузду социалдык тармактагы баракчаңыздан алдык. Сизди бир программага эксперт катары чакыралы дедик эле” деп телефон чалыптыр. “Жок, мен КТРКнын директору эмесмин. Жөн эле атым, фамилиям окшош деп айттым. “Аа, кечиресиз” деп телефонду өчүрүп койду. Социалдык тармактардан көп кайрылышат. Сүрөттөрдү карап көрүшсө деле болмок. Кээде “бир нерсени эфирге кетирип бергенге кол коюп бересизби “деп жазышат. Мындай көрүнүштөр кээде кубандырса, кээде жинимди келтирет. “Паспортуңду көрсөтчү” деп тажатышат. Ал кишини мен сырттан эле тааныйм. Карыпбеков менен көрүшүп сүйлөшкүм келет. Экөөбүздүн чөйрөбүз бир эле. Бир күнү болбосо, бир күнү сөзсүз кезигип калам деп ойлойм», - деди Илим Карыпбеков.

Ал И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 8 жыл системдик администратор болуп иштеген. Ошондой эле тойлордо 10 жыл убакыттай видео жана сүрөт тартып эмгектенип келген.

Илим мырза чыгармачылыкка кызыгат. Келечекте ырчы болсом деп ниеттенет.

«Негизи өзүм чыгармачылыкка жакын адаммын. Жакшы чыгармаларды жаратып, ырчы болсом дейм. Учурда Улукмырза Полотов агайдан вокалдан сабак алып жатам. Буюрса жакын арада Илим Карыпбеков деген ат менен ырдап чыгам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×