Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ысык-Көл облусуТоң району 07.01.2019 15:03

Көк-мойноктуктар уран казылуучу Таш-Булак кенинин иштешине каршылыктарын билдирип чыгышты (видео)

Turmush -  Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын бир нече тургундары уран казыла турган Таш-Булак аймагындагы кендин иштешине каршы оюн билдирип чыгышты. Бул тууралуу «Балыкчы ак жол ынтымагы» коомунун төрагасы Акжолтой Тукунов билдирди.

«4-январьда айыл тургундары уран казыла турган Таш-Булак участкасына барып, уран казууга нааразы экенин билдиришти. Алар уран казылып баштаса элге пайдасынан да зыяны көп экенин айтышууда. Ал эми каршы болбогон жарандар жалаң ошол жакка жумушка кирип иштеп жаткандар экени да айтылууда. Уран маселеси элди, жерди ойлоп чечилишин талап кылышат», - деди ал.

Тактама:

Таш-Булак кени Кызыл-Омпол тоосунун аймагынын уран-торианит чачынды кендеринин курамына кирет. Кызыл-Омполдун уран-торианит чачыранды кендери (Баке, Таш-Булак, Узун-Сай, Түндүк, Оттук) Кыргыз-Тоо кыркасынын чыгыш аягы болгон Кызыл-Омпол тоолорунун түштүк боорунда жайгашкан.

Кенди эл аралык «ЮрАзия-Кыргызстан» ишканасы менен Кара-Балта тоо-кен комбинаты биргеликте өздөштүрө турган болгон. Кен Көк-Мойнок айылына караштуу аймакта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×