Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.01.2019 14:22

Күйөөсү иттен коркуп кош бойлуу аялын үстүнөн аттап качып кеткен. Асел жеңенин кызыктары (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 34 жаштагы тургуну Асел Жумабаева келиндик доордогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен Кочкор районунун Ак-Учук айылында төрөлгөм. Турмушка 19 жашымда чыккам. Күйөөм Алмаз Саадабаев Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында төрөлгөн. Учурда Балыкчы шаарында жашайбыз. Күйөөм экөөбүз кафеден таанышканбыз. Мен кафеде официант болуп иштечүмүн. Ошол жерге кардар болуп келип таанышып калганбыз. Келип кетип жүрүп жакшы көрүп калганын айтты. Таанышканбызга 13 күн болгондо эле үйлөнүүгө сунуш киргизип, менин үйүмө барышып кол менен алып кетишкен. Алмаз балдарына жакшы ата, мага күйүмдүү жар», - деди ал.

Асел Жумабаева: «Күлкүлүү, кызыктуу күндөр көп болгон. Жолдошум иттен аябай коркот. Ал шаарда өсүп, айыл иштери менен иши жок болчу экен. Бир күнү суукта, шамалда, экөөбүз жолдо кетип баратып байкоосуздан эле капталдан ит чыга калып үрүп калды. Күйөөм коркконунан менин үстүмөн секирип өтүп кетти. Ушул окуя эсимен эч кетпейт. Болбосо ошол учурда экинчи уулум боюмда бар эле. Ай-күнүм жетип төрөгөнгө аз калгам.

Балыкчы шаарында тез-тезден шамал болуп турат эмеспи. Мен толготкон күнү шамал болуп, үйдө да эч ким жок эле. Апамдар айылга кетишип, мен, жолдошум, кичине уулум үчөөбүз эле үйдө болчубуз. Жолдошума толготконумду айтсам, "бүгүн коё тур төрөбөй. Эшик шамал, такси жок" деди. Караңгы да кирди. Айтканым бир тең, күлгөнүм бир тең болуп апамдарды күтүп, толготуп жаттым. Жолдошума "чыга турган бала сенин шартына карамак беле" деп айттым. Ошентип экөөбүз талашканча эле түнкү саат 03:00 болду. Мен чыдабай калып, жолдошум караңгыда кошуналардын эшигин каккылап баштады, мени урушуп да жүрөт. "Ушундай күнү кычашасың" деп коюп (күлүп). Ошентип тез жардам кызматы келип, саат 04:05те жарыкка уулум ызы-чуу менен келди.

Жаңы келин болуп келгенде кайра-кайра жүгүнгөндү билген эмес элем. Бизде кочкорлуктарда келин келгенде бир эле жолу жүгүнөт, ошону менен жүгүнбөйт. Мен дагы ошондой ойлоп, бир эле жүгүнгөн боюнча жүгүнгөн эмес элем. Эртең менен эрте туруп эшикке чыксам кайнатам иниси экөө турган экен. Карап туруп өтүп кеткем. Ары бассам кайын эжем жүрүптүр. Ага да жүгүнбөй өтүп кетсем, апама келип "келин келе элек жатып сүзө качырат го" дептир.

Бош убактымда кышкысын балдарымды музга, жайында көлгө, тоого алып барабыз. Жайында өрүк, алма сатам, кышында эки ай үйдө тикмечи болуп иштейм. Келечекте максатым чоң, балдарым эл уулдары болсо экен деген тилектемин», - деди.

Асел Жумабаева 3 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×