Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.01.2019 10:07

Айыл турмушу: Сыртта жашаган 80 жаштагы Турум апа тоодон айылга түшсө ысып кыйналат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун алыскы Сырт өрөөнүнүн Ак-Шыйрак айылында жашаган 80 жаштагы Кудашева Турум апа суукта жашоого көнүп калган. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ылдый айылдарга түшүп келсе ысып кыйналып кетет.

«Мен Сыртта туулуп өсүп, 1954-жылы 7-жылдык мектепти аяктадым. Атам ыраматылык согушка кетип, дайын жок кайтпай калды. Апам экөөбүз оор турмуштарды баштан өткөрдүк. Арык чаап, машак терип эрекектердин жумушун танбай жасачу элем. Балалыгым оор убакта өтүп, 17 жашымда биздин айылдык Кирешакун деген жигитке турмушка чыгып калдым. Ошентип келиндик доорум алыскы тоолуу өрөөндө өттү. Мал багып, андан сырткары ишке да кирип, 1958-1984-жылдары мектепте тазалык кызматкери болуп эмгектендим. Кийин Үч-Кошкон колхозунда катчы да болдум. Андан соң мектеп жабылып калды. Жолдошум экөөбүз ошол кездеги премьер-министр Апаз Жумагуловго кат жазып, натыйжада мектеп-интернат кайра ачылып, малчылар балдарын окута башташты. Ал жакта 22 жыл тарбия завучу болуп эмгектенип калдым. Өзүм жогорку билимге ээ болбосом да аракет кылып, ар ишке жөндөмдүү болгонго күч жумшадым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле 5 кыз, 3 уулдун апасы экендигин кошумчалады.

«Мен Сыртта жашап көнүп калгам. Айда-жылда этеке түшкөндө ысып, жүдөп кетем. Сыртта жашоо абдан жагат. Балдар эле түшпөсө мен деле азыр ылдый жакка түшпөйм.

Абышкам менен 5 кыз, 3 уулду болдук. Тагдырдын жазмышы экен 2 уулумдан айрылып калдым. 1999-жылы абышкам унаа кырсыктан каза болуп калды. Азыр айылдын сакалдуусу катары ар кыл майрамдык иш-чараларда унутта калтырбай чакырып турушат. Өкмөтүбүз дагы жаш, иштемчил бала. «Айылдын ардактуу атуулу» наамын айгарышты. Андан сырткары бир катар ардак грамоталарды алдым, ыраазымын баарына. Азыр жаман эмес, жакшы турмушта жашайбыз. Мурда байланыш түзүү кыйын эле. Азыр телефон иштеп, айылдагы, шаардагы бала-бакыралар менен сүйлөшүп турабыз», - деди Турум апа.

Ак-шыйрактар Турум апа Үркүн жана Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу бир топ маалыматтарды айтып берип, айылга атайын эстелик орнотулгандыгын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×