Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.01.2019 10:29 На русском

Австралиялык дарыгер Ак-Суудагы ооруканага медициналык жабдыктарды алдыртып берди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы жалгыз реабилитациялык борбордун бейтаптары үчүн 15 миң долларга атайын жабдыктар алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук бириккен оорканасынын директору Токтобай Маанаев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы аталган борбордо Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 2800 бала дарыланды.

«Биздин реабилитациялык бөлүм өлкөдөгү жалгыз бөлүм болуп эсептелет. Мында шал оорусунан жабыркагандар дарыланат. Бул бөлүм Австралиядан, Россиядан келген дарыгерлер жана профессорлордун жардамы менен уюштуруу-методикалык борбор дагы болуп калды. Алар оорукчан балдарды дарылоонун жаңы ыкмаларын көрсөтүштү.

Өткөн жылы бизде 2832 бала дарыланды. Алардын 87% 14 жашка чейинкилер. 1 жашка чейинки балдардын саны 49. 2018-жылга чейин 1 жашка чейинкилерди дарылоого алчу эмеспиз. Бирок практикада биз дарылоону канчалык тез баштасак сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк ошончолук көп экендигин көрдүк. Ошондуктан бизде 1 жашка чейинкилер да дарыланат», - деди ал.

Австралиялык педиатр дарыгер Ник Вульдфильддин жардамы менен долбоор аркылуу медициналык жабдыктар алынды. Анын натыйжасында оорукана велоэргометр (чуркатуучу жабдык), атайын шайтан арабалар, физкабинет үчүн жабдыктар менен камсыздалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×