Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.01.2019 16:26

Жети-Өгүздө инсульттан улам каза тапкан аялдын кыздары фостердик үй-бүлөгө берилди. Таежеси аларды кайтарып алсам дейт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында узакка созулган оорудан улам каза тапкан Гүлзат Төрөгелдиеванын кыздары фостердик үй-бүлөдө багылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына маркумдун эжеси Элиза Төрөгелдиева билдирди.

Анын айтымында, сиңдиси каза болгондон кийин анын артында эки өспүрүм кыздары калган. Ал буга чейин синдисинин кыздарын өзү багып алууга аракет кылган. Бул ирет райондо түзүлгөн комиссия кыздарды райондогу фостердик үй-бүлөгө убактылуу жайгаштырды. Учурда Элизанын үйү жок болгондуктан кыздар убактылуу фостердик үй-бүлөдө тарбияланышат.

Ал эми Элиза Төрөгелдиева: «Буюрса үй куруп, сиңдимден калган мурастарды өзүм багып чоңойтом», - дейт.

Буга чейин Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлзат Төрөгелдиева экинчи кызын төрөгөндөн кийин эки жолу инсульт алып, 1-топтогу майып болгону маалымдалган. Гүлзат Төрөгелдиева жолдошу менен 20 жыл бирге жашап, эки кыздуу болушкан. Ал кичүү кызы Бурулду операция жолу менен төрөгөн. Андан кийин кан басымы көтөрүлүп, инсульт болуп жыгылган.

Учурда улуу кызы Толгонай 8 жашта болсо, кичүүсү Бурул 3 жашта. Гүлзат жолдошу экинчи кызын төрөгөндө «кыз төрөйсүң» деп төрөт үйүнө да барбай койгонун айткан. Жолдошу эки кызы менен таштап кеткенден кийин ал эжеси Элизанын үйүндө убактылуу жашап жаткан болчу.
«Кичүү кызы төрөлгөндөн кийин 20 күн өткөн соң инсульт алып, 5 күн комада жатты. Кийин экинчи жолу инсульт алды. Ден соолугу начарлап кетти. Өзүмдүн 4 балам бар. Бир жылдын ичинде 4 жолу батирден батирге көчтүк», - деп билдирген эжеси Элиза.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×