Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 09.01.2019 01:00

«Жеңеке»: Гүлбарчын Орозбаева камыры ачыбай калып, чоң кайненесинен тил укканын унутпайт (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түп районунун Талды-Суу айылынын 41 жаштагы тургуну Гүлбарчын Орозбаева. Ал айылдашына турмушка чыкканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Гүлбарчын жеңе медициналык окуу жайда билим алган, кесиби боюнча акушер. Ал эми жолдошу Алмаз Карасартов ИИМде эмгектенип, пенсияга чыккан. Ал учурда лыжа базасында эмгектенет.

«Медициналык окуу жайда 2-курста окуп жүргөндө турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз бир айылдан болобуз. Мектепте окуп жүргөндө эле сүйлөшүп жүрчүбүз. Ал балдарына камкор, үлгүлүү ата. Жолдошум тартипти абдан катуу кармаган, чынчыл адам.

Жаңы келин болгондо кайын атам үйдө экенин унутуп, кайним, кайын сиңдим менен топ ойноп жаткам. Ошондо кайын атамдын "балам, көп чуркабасаңарчы" деген сөзү такыр эсимден кетпейт. Кайним үйлөнгөндө да өзүм ырдап, келинди унаага таштап, үйгө кирип кеткем.

Алгач 2 айдай айылда жашадым. Жолдошум милиция кызматкери болгондуктан Караколдо иштеди. Ал жактан батир тапкыча кайын журтум менен жашадым. Кайын сиңдим, кайын иним менен чогуу ойной берчүмүн. Бир жолу камыр жууруганда ачыткычты кошпой коюптурмун. Чоң кайненем да бар эле. Ал мени урушуп койсо качып кетким келип, жаман болгом», - деди ал.

Гүлбарчын Орозбаева 2011-жылы «Эне даңкы», ал эми 2018-жылы «Баатыр эне» наамы менен сыйланган.

«Баатыр эне болгонума абдан сыймыктанам, кайсы жерге барбайын сыйлап, көңүл бурушат. "Көп балалуу үй базар" деп бекеринен айтылган эмес. Биздин күндөр кызыктуу, көңүлдүү өтөт. Биринчи үч кыз төрөдүм, андан кийин бир уулдуу болдук. Уулумду жалгыз кылбайын деп төрөсөм дагы эки кыз болду, андан кийин пландап бир уул төрөп алдым. Үч кыз, 1 уулум мектепте окушат, кичүүсү 3,5 жашта. Калганы жогорку окуу жайда окушат. Өзүм үйдө соода кылам. Балдарым өз бактысын тапса деп тилейм. Ал эми өзүбүзгө дөөлөттүү карылык каалайм», - деди ал.

Баатыр эне 5 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×