Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 03.01.2019 11:42

Балыкчынын тургунун травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылышты

Turmush -  Балыкчы шаарынын ооруканасына травматикалык тапанчадан жаракат алган жаран келип түштү.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-январда саат 20:50 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканадан билдирүү түшүп, анда травматикалык тапанчадан жаракат алган 36 жаштагы тургун кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымдалган.

«Тергөө-оперативдүү тобунун кызматкерлери күбөлөрдү суроо учурунда бул күнү саат 20:20 чамасында жабырлануучу Балыкчы шаарынын Нарын-Шоссе көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө келип, анда Жоомарт аттуу жигит менен жолукканы маалым болгон. Алардын ортосунда үй-бүлөлүк көйгөйлөр боюнча уруш чыккан. Анын кесепетинен Жоомарт аттуу жигит травматикалык тапанча менен жабырлануучунун жүрөк тарабына атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Окуя болгон жерди кароодо далил буюм катары «45 RUBBER» үлгүсүндөгү травматикалык тапанчанын огу табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө милициянын кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын өздүгү такталып, ал Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Ж.Ж. экени аныкталган. Учурда Балыкчы ШИИБдин кызматкерлерине шектүүнү кармоо жана тапанчаны алуу тапшырмасы берилди.

Буга байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×