Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 03.01.2019 09:50

Жаш талант: 10 жаштагы шахматчы Таалайбек мелдештерден уткан акчаны чогултуп, велосипед сатып алды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 10 жаштагы тургуну Таалайбек Абыкеев шахмат боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратууда. Ал учурда №1 Л.Толстой атындагы мектепте 4-класста окуп жатат.

Таалайбек 1-классынан тарта шахмат ойноого кызыгат. Ал өз каалоосу менен шахмат боюнча ийримге барып, мелдештерге катышып келет.

«Чоң атамдын шахмат ойногонун көрүп, кызыгуу пайда болду. Жакында эле Каракол шаарында 12 жаштагы балдар арасында өткөн мелдеште 1-орунду алдым. Былтыр апрель айында Ысык-Көл облусунун мектеп окуучулары арасындагы спартакиадада 3-орунду, Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулган мелдеште 1-орунду жеңип алгам. Ошондой эле 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата өткөн мелдеште 3-орун, Илим жана техника күнүнө карата өткөн мелдеште 1-орун, Бишкек шаарындагы мелдеште 3-орунга ээ болгом. Мындан тышкары президенттин кубогуна арналган оюнга да катыштым. Мелдештерде утуп алган акчаларды чогултуп, велосипед сатып алдым. Бош убакта велосипед тебем.

24-декабрь күнү Каракол шаарында уюштурулган өкүлдүн балаты майрамына да катыштым. Бир жумада 4 жолу шахмат ийримине барам. Бош убакта сүрөт тартканды жакшы көрөм. Келечекте архитектор болууну кыялданам», - деди ал.

Ал 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×