Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.01.2019 23:35

«Жеңеке»: Согум союлбай калды деп ыйлаган Бермет Кыдыралиеванын келиндик доордогу окуялары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Мундуз айылына келин болгон 32 жаштагы Бермет Кыдыралиева. Ал келиндик доордогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Бермет жеңе Нарындын Ат-Башы районунда чоңойгон. 20 жашында жети-өгүздүк Алтынбек Байзаковго турмушка чыккан.

«Жолдошум экөөбүз Бишкектеги заводдо чогуу иштечүбүз. Ал мени сыртымдан көрүп жактырчу экен. Экөөбүз телефондон таанышып, 2 ай сүйлөштүк. Жолугушууга чакырып, биринчи жолукканда эле мени Ысык-Көлгө алып кеткен. Менин да көңүлүм бар болгондуктан макул болуп, күлүп-жайнап отуруп калдым. Баш кошконубузга 12 жылдын жүзү болду. Учурда эки уул, эки кызды тарбиялап жатабыз. Жолдошум эң мыкты ата, балдарымды эч нерседен кем кылбаганга аракет жасайт», - деди ал.

Бермет Кыдыралиева: «Жаңы келин болуп келген кезимде бир кичинекей бала келди. Кайнатамдын аты Догдурбай экенин уккам, бирок эл аны Доп деп коюшчу. "Доп ата барбы?" десе, бул үйдө андай адам жашабай турганын айтып, кетирип жиберген элем. Үйдөгүлөр ким келгенин сураганда кайнатамдын атын айтып күлгөнүм эсимде. Алар "атаңдын антип айтпай жүр" дешкен эле.

Ошол эле жылы күзүндө тоодон тогуз баш бодо мал түштү. Нарындын кызы болгондуктан согум соёбуз го деп чуркап, баарын даярдадым. Күтүп жатып түш оогондо жолдошумдан мал качан союула турганын сурадым. Ал таң калып, "эмнеге соёбуз, эки-үч күн мурун эле кой сойбодукпу" десе, үйгө кирип алып кечке ыйлагам. Ошондо көрсө согумдун этин жегим келиптир.

Бош убактым деле болбойт, балдарыма жүндөн башмак, байпак түйөм. Жолдошум аял киши балдарга жакшы тарбия бериши керектигин айтып, иштетпейт. Балдарыма татыктуу тарбия берүүнү максат кылам», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×