Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.01.2019 13:42 Жаңыланды: 01.01.2019 16:32

Ысык-көлдүк киши кошунасын мууздап өлтүрдү (толукталды)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда адам өлүмү менен коштолгон кылмыш катталды. Бул маалыматты ОИИБден тастыкташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бостери айылынын 2 тургуну (эркек кишилер) 31-декабрда спирт ичимдигин ичишкен. Ошол учурда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, бири экинчисинин кекиртегине бычак шилтеген. Катуу жаракат алган жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

Милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштери менен шектүүнү аныктап, убактылуу камакка алынды. Ал – маркумдун кошунасы.

Кийинчерээк Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя Бостери айылынын түндүк тарабындагы талаада жайгашкан кашардагы 2 бөлмөлүү үйдө болгон. Бул кашар 1946-жылы туулган Канатка (ысымы өзгөртүлдү) тиешелүү. Ал үйүнө 1954-жылы туулган Таалайды (ысымы өзгөртүлдү) ээрчитип барып, ал жерден экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Бул окуя Таалайдын өлүмү менен аяктады.

Кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесиндеги 2-бөлүмүнүн 6-пункту (адам өлтүрүү) менен козголду. Шектүү – Канат камакка алынып, окуя болгон жерден далил буюмдар табылган. Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×