Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 28.12.2018 11:30 На русском

Өлкө боюнча былтыр мыкты айыл өкмөт болгон Кутургу айыл аймагына 36 млн сом инвестиция тартылды (фото)

Turmush -  Түп районунун Кутургу айыл аймагына 36 млн сом инвестиция тартылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кутургу айыл аймагынын башчысы Руслан Сарымсаков билдирди.

Анын айтымында, Кутургу айыл аймагына Ой-Булак, Ой-Тал, Кутургу жана Кичи-Өрүктү айылдары кирет. 6 миңден ашуун калк жашаган айыл аймакка 2018-жылы 36 млн сом инвестиция тартылган. Мында социалдык бир катар объектилер курулуп, таза суу маселеси чечилүү алдында турат. Өткөн жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча аталган айыл аймак «Мыкты айыл аймак» наамын алып, 1,5 млн сомдук сыйлыкка ээ болгон.

«Миллиондогон сыйлыкты алуу үчүн талыкпаган эмгек жана тургундардын колдоосу керек. 2019-жылы да бир катар аткарылуучу иштер бар», - дейт Р.Сарымсаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×