Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.12.2018 10:36

Жеңеке: Университеттеги алдыңкы жигитке турмушка чыккан Айзаданын келиндик доордогу окуялары (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Түп районунун Түп айылынын 37 жаштагы тургуну Айзада Шамырканова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университетте окуп, технолог-модельер кесибине ээ болгон. Ал 21 жашында Түп айылынын 33 жаштагы тургуну Азамат Касымбаевге турмушка чыккан. Жолдошу жогорку билимдүү, кесиби боюнча эколог-токойчу. Учурда ишкерлик менен алектенет.

«Өзүм Тоң районунун Кара-Коо айылында туулгам. Жолдошум экөөбүз бир университетте окучубуз. Ал топтун башчысы эле, көзгө көрүнүктүү жакшынакай, алдыңкы жигит болчу. Университеттен таанышып, бири-бирибизди жактырганбыз. 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. 2008-жылдын 10-октябрында баш кошконбуз. Шаарда агамдар менен жашачу элем, болочок жолдошум келип, агаман колумду сурап, нике шакегин тагып, алып кеткен.

Ошентип Түп айылына кайын журтумдун үйүнө алып барды. Мага ак жоолукту кишиге жагымдуу адам салган эле, ал кишинин да көзү өтүп кетти», - деди ал.

Анын айтымында, ал жаңы келин болуп барганда тергөө салтын карманган.

«Кыргызда келиндер кайын журтуна мамиле аркылуу сый-урматын туюнткан тергөө салты бар эмеспи. Мен дагы кайын атамдын атынан бир дагы жолу айткан жокмун. Мындан тышкары, эртең менен турганда кайын ата жана кайын энеге жүгүнүү салты бар эмеспи, мен кайын атама жүгүнүүдөн уялып, кээде жүгүнбөй эле өтүп кетчүмүн.

Ошондой эле, акылман, кыраакымен чоң таене кайненем бар эле. Мен дагы ошол адамдай болсом дейм. Өзүмдүн кайын энем неберелерине абдан камкордук кылат, өзү медициналык окуу жайды бүткөн, баарыбызды дарылайт.

Ошентип, жаңы келин болуп барганда кайын журт менен 10 күн болуп, кайра шаарга келдик. Анткени мен 4-курс болгондуктан, окуумду улантып, аны ийгиликтүү аяктадым. Жолдошум экөөбүз бир уул, эки кызыбызга татыктуу тарбия берип, үлгүлүү үй-бүлө болсок деп ойлойм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×