Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.12.2018 17:35

Кен иштеткен компаниянын жумушчулары Ысык-Көл облустук ооруканага 290 миң сомдук белек беришти (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суу реабилитациялык бөлүмү жаңы медициналык жабдуулар менен толукталды. Эми бейтаптардын узун кезеги кыскарып, дарыгерлердин иши да бир топ жеңилдей турган болду.

Балдардын церебралдык шал оорусу менен жабыркагандардын саны жыл санап өсүүдө. Мындан улам заманбап дарылоо каражаттарына муктаждык жогору. «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын тоо кен бөлүмүнүн «С» кезметиндеги кызматкерлери бул көйгөйдү эске алып, реабилитациялык борборго 290 миң сомго зарыл жабдууларды алып беришти.

Буга чейин бул борбордо жылуу суунун жоктугу кыйынчылык жаратчу. Бейтаптар да, дарыгерлер да дайыма муздак суудан колдонууга аргасыз болсо, эми мындан ары маселе жаралбайт. Демөөрчүлөр тарабынан 8 аристон берилип, ошондой эле калыбына келтирүү бөлмөсүнүн эң зарыл делген жабдуулары жаңыртылды. Буга чейин күнүнө 70 бала кезекке турууга туура келчү. Анын үстүнө физиотерапия аппараттарынын иштөө мөөнөтү 3 жылга мерчемделсе, реабилитациялык борбордогуларга 8 жыл болгон.

Негизинен балдардын шал оорусу көбөйүп бара жатканын дарыгерлер белгилешет. Реабилитациялык бөлүмдө жылына 3 миңге чукул бала дарыланат. Өткөн жылга салыштырмалуу кайрылгандардын саны быйыл 400гө өскөн. Жайкысын бейтаптар башка облустардан да келишип, батпай калган учурлар да болот. Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү бөлүмүндө 103 бала бар.

Ак-Суу реабилитациялык борбору өлкөдөгү жалгыз калыбына келтирүү бөлүмү болуп саналат. Жабдуулар Япониядан жана Россиядан буйрутма менен 6 ай аралыгында келген. Демилгечилер — «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын тоо кен бөлүмүнүн «С» кезметинин кызматкерлери. Алар бул сыяктуу жардамдар муну менен эле чектелбей турганын кошумчалашты.

Аталган бөлүм мындай кайрымдуулук иштерин жыл сайын уюштуруп келет. Мисалы, былтыр Каракол шаарындагы «Ирада» балдар үйүнө 187 кызматкер 350 миң сом чогултуп, мончо куруп беришкен.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×