Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.12.2018 16:29

Балыкчыда жыгач арабанын инсталляциясы жасалды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында «Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү» чарбасы тарабынан жыгач арабанын инсталляциясы жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, арабанын узундугу 2 метр, туурасы 1 метр 20 см, бийиктиги 80 см, дөңгөлөгү менен 1 метрден ашат. Араба Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү РЭСтин маңдайындагы аянтчага орнотулду. Инсталляция шаарды көктөндүрүү, кооздоо максатында жасалган.

«Биздин ишкана шаарга кооздук берүүчү иштерди жасоого басым жасап келет. Буга чейин өз демилгебиз менен комуздун инсталляциясын жасаганбыз. Кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын жайылтып, улуттук идеологиясын көтөрө турган инсталляцияларды жасайлы деп чечкенбиз. Араба жашылдандыруу мекемесинин ичинде эле жасалды. Арабанын үстүнө колоновиддик туя отургуздук, буга кошумча жасалма гүлдөр менен кооздодук. Кышында тилекке каршы гүл же чөп өстүрө албайт экенбиз, ошол себептен арабаны жасалма гүлдөр менен кооздодук. Алдыда чүкө, калпактардын, улуттук валюта – тыйындын инсталляцияларын жасайлы деген оюбуз бар», - деди «Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү» чарбасынын башчысы М.Таржиев.

Бул инсталляциялар шаардагы кыркылган авариялык бактардан жасаларын, ал бактар аз камсыз үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга отун катары берилээрин, андан арткан жыгачтан материалга жарактуусун тандап алып, ушундай инсталляцияларды жасап жатышканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×