Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуТоң району 27.12.2018 10:28

Ысык-Көлдө кайык оодарылып, 57 жаштагы адам сууга чөгүп кетти

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Үч-Чуңкур тилкесинде көлдө кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы адам сууга чөгүп кетти. Окуя кечээ, 26-декабрда саат 16:00 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Каза болгон адам 1961-жылы туулган М.Б. экени такталды. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×