Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.12.2018 09:50

Түптө 51 балага акимдин белектери берилди (фото)

Turmush -  Түп районундагы Кайкин орто мектебинде өткөрүлгөн акимдин жаңы жылдык балаты майрамына район боюнча ата-энесинен айрылган жана аз камсыз болгон 51 балага жаңы жылдык белектер берилди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, балаты майрамына келишкен балдарды райондун акими Элчибек Жантаев менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Адылбек Такаев куттукташып, аким белектерин тапшырды.

Аяз ата, Аяз кыз, райондун акими Э.Жантаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Такаев жана айыл өкмөттөрүнөн балдарды алып келишкен социалдык кызматкерлер балдар менен бирге кол кармашып бийлешип, балдардын ырлары менен бийлерине күбө болушту.

Ата-энелердин атынан Жылуу-Булак айылында 2 тоголок жетим небере балдарын багып жаткан Гүлмайрам Жумабаева эне куттуктоо сөзүн айтуу менен акимчиликке ыраазычылыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×