Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 26.12.2018 11:04

Балыкчынын Орто-Токой айылында жаңы ФАП ачылды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарына караштуу Орто-Токой айылында 600 кишини тейлөөгө мүмкүн болгон фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге шаардык санэпидкөзөмөл жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун кызматкерлери, айыл башчысы, суу чарба департаментинин кызматкерлери жана тургундар катышып, шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев, биринчи вице-мэр А.Табалдиев кызыл тасманы кесишти.

Маалым болгондой, алтын кен казуучу компания тарабынан 2015-жылы эки контейнер берилген. Учурда ошол контейнерлер бириктирилип, ФАП болуп жасалды.

Орто-Токой айылынын башчысы Ж.Кутмановдун айтымында, айыл тургуну Ж.Шекиров ФАПтын чатырын жаап, ичин бөлмөлөргө бөлгөнүн айтты.

Айыл башчы Ж.Кутманов буга чейин айыл тургундары 20 чакырым алыстыктагы Балыкчы шаарындагы ооруканага барып турушканын, эми биринчи медициналык жардамды бул жактан эле алууга мүмкүнчүлүк жаралганын билдирди. Жаңы ФАПка бир фельдшер келип иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×