Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.12.2018 15:26 Жаңыланды: 25.12.2018 18:08 На русском

Ысык-Көлдө 18 жаштагы Эрмектин өлүмү боюнча 17 милиционер жазага тартылды (тизме)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда мал уурдады деп айыпталгандан кийин асылып турган денеси табылган 18 жаштагы Эрмек Касымовдун өлүмү боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, 17 милиция жоопко тартылгандыгы маалымдалган.

Укук коргоочу Камил Рузиевдин айтымында, Эрмектин өлүмү боюнча кайсыл милиция кызматкерлери жоопко тартылганы тууралуу маалыматты ИИБ бербей, маркумдун ата-энеси прокуратурага кайрылышкан.

Жазага тартылган милиция кызкерлеринин тизмеси:

1. Боз-Учук аймактык милиция бөлүмүнүн ыкчам өкүлү К.Адилет ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулсун;

2. Ак-Суу РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча ыкчам өкүлү, милициянын ага лейтенанты А.Кубанычбек ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен бошотулсун;

3. Ак-Суу РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын мал урдоо менен күрөшүү боюнча ыкчам өкүлү, милициянын лейтенанты А.Айбек ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен бошотулсун;

4. Ак-Суу РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын нөөмөт бөлүмчөсүнүн ага тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты И.Бакыт ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен бошотулсун;

5. Ак-Суу РИИБдин кадрлар жана кесиптик даярдоо тобунун ага тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Жаныл катуу сөгүш тартиптик жазага тартылсын;

6. Ак-Суу РИИБдин КККнын мөөнөт бөлүмүнүн нөөмөткеринин жардамчысы, старшина М.Руслан катуу сөгүш тартиптик жазага тартылсын;

7. Ак-Суу РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлү, милициянын ага лейтенанты М.Ажымурат катуу сөгүш тартиптик жазага тартылсын;

8. Ак-Суу РИИБдин Тергөө кызматынан тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Ж.Эдилге катуу сөгүш жарыялансын;

9. Ак-Суу РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын подполковниги А.Нурдинге кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү берилсин;

10. Ак-Суу РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Д.Бакыт ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен бошотулсун;

11. Ак-Суу РИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги А.Бактыбекке кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү берилсин;

12. Ак-Суу РИИБдин башчысы, милициянын полковниги С.Асылбектин кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү берилсин;

13. Ысык-Көл ОИИБдин КККнын мөөнөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын подполковниги О.Канатбекке катуу сөгүш жарыялансын;

14. Ысык-Көл ОИИБдин КККнын тергөө кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Б.Русланга катуу сөгүш жарыялансын;

15. Ысык-Көл ОИИБдин КККнын тергөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги И.Альтаирге катуу сөгүш жарыялансын;

16. Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги А.Канатка кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү берилсин;

17. Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги А.Мирланга кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү берилсин.

Ал эми каза болгон Эрмектин энеси Индира Жумакунова уулу уурдаган деп айтылган койлор башка койлорго гана кошулуп кетип, кайра табылганы айтылып жатканын билдирди.

Ал эми жоголгон койлордун чыныгы ээси, арыз жазган аялдын уулу К.Жыргал экенин жана ал медициналык санитардык бөлүмдө иштеп, милициялар менен байланышы болгону боюнча кайрадан текшерүү болоорун укук коргоочу К.Рузиев кошумчалады.

Окуя тууралуу

Буга чейин Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылында 18 жаштагы жигит асылып каза болгондугу маалымдалган.

«Вентус» коомдук бирикмеси Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбековдун видео кайрылуусун жарыялады. Ал кайрылууда 2000-жылы туулган баласы Эрмек Касымовду милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп койгондугун айткан.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган билдирүүгө жооп берип, 22-октябрда Ак-Суу РИИБге Эрмек деген бала даракка асылып каза болгону тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча окуя болгон жерге иликтөөчү топ барган. Жигиттин денеси айылдын четиндеги дарактан табылган. Соттук-медициналык экспертизанын, дарыгерлердин көзүнчө денеге кароо жүргүзүлүп, анын мойнунан жиптин изи бар экени көрүнгөн. Аталган факты Ак-Суу РИИБге катталып, экспертиза дайындалган.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 19-октябрда Ак-Суу РИИБге Бөрү-Баш айылынын тургуну К.Жыпаркүл кайрылып, 13-октябрда белгисиз адамдар сарайынан 3 жандык малын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган уурулук кылмышка шектелип Э.Касымов кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 3 койду уурдагандыгын айткан. Андан кийин аларды атасынын унаасы менен Караколго алып барып, 12 миң сомго сатып жиберген. Аталган акчага өзүнүн сүйлөшкөн кызынын туулган күнүнө мобилдик телефон алган. Аталган факты боюнча мал уурулук беренеси менен кылмыш иш козголгон.

ОИИБ мындан тышкары кыйноо жөнүндө билдирүү жасаган адам ИИМдин базасында 1984-жылы 7 жылга камалган адам катары тургандыгын билдирди. 1996-жылы мал уурулук үчүн 3 жылга камалган. 1998-жылы бейбаштык менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айып төлөгөн. Мындан тышкары 2008-жылы бейбаштык боюнча жоопкерчиликке тартылган. 2013-жылы мал уурулук боюнча айып тагылган. Бирок зыяндын орду толтурулганы үчүн жабырлануучу тарап менен макулдашылып, кылмыш иш токтотулган.

Н.Асанбеков Turmush басылмасына берген комментарийинде Ак-Суу РИИБдин имаратында 3 милиционер баласынын башына баштык кийгизип, суу куюлган желим бөтөлкө менен сабагандыгын билдирди. Анын айтымында, милиционерлер баласынын кылмыш ишин токтотуу үчүн 70 миң сом талап кылышкан. Эгер акча берилбесе баласына баңгизат салып болсо да кармаша тургандыгын айтышкан.

Бирок баласынын 3 койдун уурдалышына тиешеси жок экенин айтып берчү күбөлөр бар экенин белгиледи. Атасынын айтымында, Эрмек топтогон акчаларын үйүндө сактап жүрчү. Ал 6 айдан бери 45 миң сомдон маяна алып, чабан болуп иштеп жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×