Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.12.2018 14:18 На русском

Сүрөт: Ак-Суунун Чолпон айылындагы мектептин жаңы имараты 58 млн сомго курулду

Turmush -  Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы мектептин жаңы имараты курулду. Имарат 225 орунга ылайыкталганын өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, анын курулушу 2013-жылы башталып, 24 млн сомдон ашык каражатты Түркия берсе, калган каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Биринчи ортомчу ишкана курулушту 2013-жылы баштап, анын 35 пайызын бүтүргөн. Бирок бир нече көйгөйдөн улам курулуш компания алмаштырылган. Андан кийин курулуш иштерин «Түндүк Курулуш» фирмасы уланткан. Учурда куруучулар курулушту жыйынтыктап, мектептин жаңы имараты пайдаланууга даяр.

58 млн сомго эки кабаттуу имарат, спорт зал курулуп, мектептин аймагы жакшыртылган. Ошондой эле мектеп жаңы эмерек менен камсыздалды.

Окуучулар жаңы имаратта окуп башташа элек. Учурда алар билим алууну шарты жок эски имаратта улантып жатышат.

«Балдарды мектепке жөнөтүп жатканда алардын коопсуздугун ойлойбуз. Анткени эски имаратта шарт каралган эмес. Куруучулар имаратты куруп бүтүштү, ал бизге жакты. Эми анын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Мамлекетке балдарга кам көргөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деди Чолпон айылынын тургуну Темирбек Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×