Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.12.2018 10:20 Жаңыланды: 25.12.2018 12:02 На русском

Балыкчы—Чолпон-Ата жолунда айдоочу уктап кетип, 2 адам каза болду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы жол кырсыктан улам 2 адам каза болуп, 4 адам жабыркады.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсык 24-декабрда саат 23:45 чамасында Балыкчы—Чолпон-Ата—Каракол унаа жолунун 60-чакырымында, тактап айтканда Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында катталган. Анда «Хонда-Степ» жана «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракаттарды алышкан.

ӨКМдин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Turmush басылмасына маалым болгондой, «Мерседес-Бенц» унаасын Чоң-Сары-Ой айылынын 1980-жылы туулган тургуну И.Динара, ал эми «Хонда-Степ» унаасын 1971-жылы туулган М.Мирбек аттуу жаран башкарып бара жаткан. Эки унаа Сары-Ой жана Чоң-Сары-Ой айылдарынын ортосунда сүзүшкөн. Анын кесепетинен «Хонда Степ» унаасынын жүргүнчүлөрү — 1984-жылы туулган Ж.М. жана 1963-жылы туулган Ж.Ш. ооруканадан каза болгон. Дагы 2 жүргүнчү — 1984-жылы туулган Т.Э. жана 1993-жылы туулган Ж.М. ооруканага жаткырылган. ЖККК кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жол кырсыкка «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу рулда уктап кетип, жолдун карама-каршы бөлүгүнө чыгып кеткендиги себеп болгон.

ЖККК бөлүмү жалпы айдоочулардан чарчаңкы абалда унаа башкарбоону суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×