Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.12.2018 09:07 Жаңыланды: 25.12.2018 18:45

Тою боло турган күнү операция жасалып, авариядан кийин жигити таштап кеткен Жайнагүлдүн тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылынын 24 жаштагы тургуну Жайнагүл Шамуратова авариядан кийин баспай калган. Ал 11-классты аяктап, 2017-жылы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн уюштурулган бир айлык курста окуган. Анда эң мыкты окуучу болгондуктан ошол жерде иштеп калган.

Кышкысын үйдө кол өнөрчүлүк менен алектенип жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

«2012-жылы октябрь айында досторубуздун үйлөнүү тоюна жигитим менен бирге баргам. Тойдон кийин бир унаада бешөөбүз үйгө келе жатып, айылдын кире беришине жеткенде ичиндеги балдар уруша кетишти. Анын кесепетинен унаа көпүрөдөн өтүп баратканда башкаруусун жоготуп, бактыга жараша сууга эмес, жээгине куладык. Бул кырсыкта менин омурткам, сол жамбашым сынып, бир жылдан ашык төшөктө жатып калдым. Дарыгерлер колунан келишинче жардам беришти.

Адатта мындай жаракат алган адамдардын көбү баспай калат экен. Чоң эмгектин аркасы менен басып калганыма сүйүнөм. Бирок оор кыйынчылыкты жеңүүгө туура келди. Дарыгерлер алгач 6 айдан кийин жакшы болуп каласың дешкен. Бирок мен 6 айдан кийин эле басып кетем деген үмүт менен жүрүп, жыйынтык болбогондуктан катуу депрессияга түштүм. Жашоом бүтүп калгандай эле сезилген, жаныма эч кимди жолотпой, эч нерсеге көңүлүм жок болуп калды.

Кайра 9 айдан кийин ооруканага жаттым. Ошондо дарыгерим мойну сынган кызды жаныма жаткырды. Мойну сынган адамдар өтө кыйналат экен. Ал кыздын буттары, колдору да бүгүлүп катып калыптыр. Ошондо дарыгерим "ордуңдан турганга өзүң кошо аракет кылбасаң, сен дагы ушундай болосуң" деди. Ошондо үйгө чыгарым менен отурганды, керебеттен түшкөндү үйрөнүп баштадым. Көрсө жашоо таттуу экен. Анын жыйынтыгында басканды кайра баштан үйрөнүп чыктым.

Ар бир күчтүү адамдын аркасында күчтүү адамдар болот. Ал эми менин күчтүү адамдарым ушунча түйшүгүмдү көтөргөн үй-бүлөм болду. Өзгөчө апам менен эжекемдин эмгеги чоң, ыйласам кошо ыйлап, күлсөм кошо күлүп жүрүшөт. Азыр өз алдымча баса алам, бирок көчөгө чыкканда оң тарабыма таяк таянам. Анткени оң бутум катуу жабыркаган эле», - деди Жайнагүл.

Таяк кармап басышына, коркунучун жоюуга апасы чоң жардам бергенин белгиледи.

«Апам тогуз ай курсагына көтөрүп жарык дүйнөгө алып келсе, авариядан кийин 9 ай жанымдан чыккан эмес. Эшикке чыкса эле кичинекей баладай болуп ыйлай берчүмүн. Алгач ооруканада 40 күн жатканбыз, ошондо буттарым ооручу эле. Анда керебетиме эч кимди жолотчу эмесмин. Апам болсо жанымдан чыкпай, туугандар барса да керебетиме жолотпой кайтарып отурчу. Дарыгерлер бет кап тагынып келип калса "мен сасып кеткен окшойм, жуунткула" деп ыйлай берчүмүн», - деп кошумчалады.

Ал эми жигити жардам берүүгө убада берип кеткен бойдон кабарлашкан эмес.

«Авария болгон унаада жигитим, анын дос балдары бар болчу. Алардын ичинен айдоочу каза болгон. Башка балдар үйлөнүп, бактылуу жашап жатат деп ойлойм. Ал эми ошол кездеги жигитим авария болгондон бир айдан кийин жардам берем деген убада менен Москвага кеткен эле. Бирок ал менден алыстоонун аракети экен. Мүмкүн мени баспай калат деп ойлогон. Ал экөөбүз 4 жыл сүйлөшүп, ата-энелерибиз да макулдашып койгон болчу. 2012-жылы 10-октябрда тоюбуз болмок. Тилекке каршы ал күнү мага операция жасалды.

Жигитим мени карабай кетип калганы өтө катуу тийип, бир бутумду сүйрөсөм да басам деп өзүмө максат койгом. Мүмкүн атам бар болгондо баары башкача болмок. Ал 9 жашымда каза болуп калган.

Ал эми мурунку жигитим үйлөнгөнүнө 2 жыл болду, ал экөөбүз бир айылдан болобуз. Мен азыр андай адам менен бирге турмуш курбай калганыма сүйүнөм.

Бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенем. Кол өнөрчүлүктүн көп түрүн билип калдым. Мисалы кагаз менен гүлдөрдү, жиптер менен сөйкөлөрдү жасайм. Буларды интернет аркылуу үйрөнгөм. Ал эми түймөнү Роза эже үйрөттү.

Жасаган буюмдарымды көбүнчө белекке берем. Азыр кыш болгондуктан үйдө отуруп түймө түйүп жатам. Келечекте мени түшүнө турган адамга жолугуп, турмуш куруп, үй-бүлө күткүм келет», - деди Жайнагүл.

Ал төрт бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×