Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 25.12.2018 08:29 На русском

В.Путинден социалдык калыстык сураган адам Ысык-Көлдө унаа кырсыкка кабылды (фото)

Turmush -  19-декабрда Түп районунун Михайловка айылындагы унаа кырсыктан жабыркаган Россиянын жараны Владимир Изюмов дарылануунун акысын төлөй албагандыгы үчүн ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Владимир Изюмов өзү билдирди.

Анын айтымында, Түптүн Михайловка айылында жашайт. Кырсык 3 унаанын катышуусунда болгон.

«Бул кырсыкка 3 унаа — жүргүнчүлөрүн түшүрүү үчүн жолдо токтоп турган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус, бурулуштан катуу ылдамдыкта чыга калган «Фольксваген» жана булардын ортосунда кыпчылып калган «Москвич 412» катышкан. Кырсык 19-декабрда саат 18:00 чамасында болгон. Менин унаам кагышууга кабылып, «Фольксвагенди» кичи автобуска барып катуу урунуудан сактап калды. Мен ал учурда Караколдон Михайловкага үйүмө бара жаткам. Кичи автобус жолдун кесилишинде 10 метрдей аралыкта турган болчу. Анын алысты жарык кылчу чырактары күйүп туруптур. Айдоочусу эрежени сактабай, жүргүнчүлөрүн түшүрүү үчүн жолго токтоптур. Мен ага каршы тилкеде бара жаткам. Кесилишке жакындаганда сол жакка бурулууну билдирген чыракты жандырдым. Ошол учурда микроавтобустун ары жагынан катуу ылдамдыкта келе жаткан «Фольксваген» токтоого жетишпей, менин унаамды уруп кетти. Андан улам менин унаам микроавтобустун капталына барып урунду. Социалдык тармактардагы сүрөттөрдө 2 унаанын гана сүрөтү жарыяланып жатат. Бирок чынында бул кырсыкка микроавтобус дагы катышкан», - деди ал.

В.Изюмов кырсык болгон жерде эсин жоготуп, ооруканадан гана өзүнө келген. Ал Россиянын жараны болгондуктан мыйзам боюнча ооруканадагы дарылануусу үчүн акы төлөшү керек. Бирок акчасы жок болгондуктан түшүнүк кат жазып берип, азыр ооруканада өз алдынча дарыланып жатат. Ал укук коргоо органдарынан аталган кырсыкты дыкат иликтөөнү суранууда.

В.Изюмов 2016-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун жетекчилигинин имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгып, Россиянын президенти Владимир Путинден социалдык калыстыкты орнотууну суранган.

Изюмов анда 3-топтогу майып жана ага эч кандай жардам берилбей тургандыгын айткан.

«Мен 1999-жылдан бери «облитерирующий эндометриит» илдети менен ооруйм. 2006-жылы Кыргызстанда 2-топтогу майып деген макам берилген. 2008-жылы Россиянын жарандыгын алгам. Алгач 2-топтогу майып экенимди тастыкташкан. Кийин арыз жаза баштаганда 3-топко которуп салышты. 2009-жылы Новосибирскте медициналык жардам сурагам. Бирок жардам беришкен жок. Кайра алар сабап салышты. Учурда бир таблетка да жардам албайм. Путинден социалдык теңдикти орнотуп берүүнү суранам», - деген ал.

Ал буга катар эле медициналык тармакта тиешелүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн Россиянын өкмөтүн сотко бергиси келе тургандыгын кошумчалаган.

Изюмов Түп айылында жашап жатканын, оорусунан кыйналып, Россиянын Бишкек шаарындагы элчилигине бара албай жаткандыгын кошумчалаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×