Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 24.12.2018 19:16 На русском

Балыкчыда жаңы жылдык балатыны жандырышты (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында мэриянын алдындагы аянтта жаңы жылдык балаты жандырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шаардын биринчи вице-мэри А.Табалдиевдин айтымында, балатынын бийиктиги 11 метрди түзөт. Жаңы жылдык балаты 500 метр гирлянда менен оролуп, шөкөттөлдү. Буга кошумча буга чейин алынган 200дөй оюнчук менен кооздолду. Ысык-Көл районунан кыйылып келинген балаты 30 миң сомго бааланат.

Мындан тышкары мэриянын алдындагы аянтка жаңы жылдык баннерлер илинди. Жалпы 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×