Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.12.2018 21:42

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк А.Эралиев ооруган бүркүттү бат айыктыруунун жолун айтты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Нововознесеновка айылынын 41 жаштагы тургуну Алмаз Эралиев 8 жылдан бери бүркүт багат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал бүркүт таптаганды Тоң районундагы Кадик, Чырпыкты айылындагы Кылычбек аттуу бүркүтчүлөрдөн үйрөнгөн. Учурда бир бүркүтү бар. Аты Арашан, 3 жашта.

«Бүркүттү таза кармаш керек. Бутун, тумшугун жууп, тазалап турабыз. Анын арык же семизине жараша эт беребиз, семиз болсо азыраак, арык болсо жылуу кандуу эт беребиз. Чоң мүнүшкөрлөрдүн «бүркүт ооруп калса жылкынын этин бериш керек» деп айтканы чын экен. Үрпүйүп, ооруп калса жылкынын этин берсек, бат эле айыгып кетет. Бүркүт кекилик албайт, коёнго деле салбайбыз, болгону түлкүгө салабыз», - дейт ал.

Алмаз Эралиев бүркүт баккандан тышкары эл катары мал кармайт. Келечекте канаттууларды асыроочу жай ачууну пландап жатат. Ал эки уул, эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×