Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 24.12.2018 09:57 Жаңыланды: 24.12.2018 13:05 На русском

Видео: Балыкчыда прокуратура кызматкерлери менен жол көзөмөлдөөчүлөр мушташты

Turmush -  Балыкчы шаарында прокуратура кызматкерлери менен жол көзөмөлдөөчүлөр мушташып кетишти. Бул тууралуу АКИpress агенттигине өздүк булактар маалымдашты.

Маалыматка караганда, жаңжал 22-декабрда түнү болгон. ЖКККБ кызматкерлери «Ак Кеме» постунда кызмат өтөп жатышканда ал жерге «Мазда» унаасы менен шаардын прокуратура кызматынын кызматкерлери мас абалында келишип, жол көзөмөлдөөчүлөргө тийишип, алардын ортосунда мушташуу орун алган.

Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан.

Кийинчерээк Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул жаңжал боюнча комментарий берип жатып, 23-декабрда ЖКККБнын инспекторуна Балыкчы шаарынын прокуратура кызматкерлери Б.Ш. жана М.М. [прокурордун жардамчылары] тарабынан денесине жараат келтирген факт катталган. Балыкчы шаарынын прокурору окуя орун алган жерде жок болгон.

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Учурда кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү иштери жүрүп жатканына байланышутуу райондун прокурору жана анын 2 жардамчысы кызматынан четтетилди.

Turmush басылмасына өздүк булактар маалымдашкандай, прокуратура органдарынын кызматкерлери жол көзөмөлдөөчүлөрдүн иштөөсүнө тоскоолдук жаратып башташкан.

ЖКККБнын кызматкерлери ИИБдин имаратына кайтууну көздөшкөн, бирок прокуратура органдарынын кызматкерлери аларды кое беришкен эмес.

Мушташуунун жыйынтыгында ЖКККБнын инспектору жаагына жана көзүнө муштум жеген. Жаңжалдан кийин алардын баары ооруканага барышкан, анда медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгында прокуратуранын кызматкерлеринин канында алкоголь бар экени аныкталган.

Turmush басылмасына оорукананын кабылдамасында тартылган видео келип түштү. Видеодо прокуратура кызматкерин «Бакуля» жана ЖКККБнын инспекторун Нурдин деп аташууда. Прокуратура кызматкери жаңжалды жөнгө салууга аракет кылууда. Имараттын ичиндегилер андан мушташуунун себебин сурашканда, «Бакуля» Нурдин менен көптөн бери тааныш экенин жана аны сыйлай турганын айтып жооп берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×