Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 20.12.2018 13:05

Түптө эки унаа кагышып, 4 адам ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Түп районундагы жол кырсыктан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык 19-декабрда саат 18:10 чамасында Түп районунун Михайловка айылынын бурулушунан катталган. Анда 1966-жылы туулган И.Владимир «М-412» автоунаасы менен айылга бурулуп жатып, Каракол шаарынын 1977-жылы туулган тургуну С.Рысбайдын «Фольксваген Гольф 3» унаасын сүзүп алган. Натыйжада «М-412» унаасынын айдоочусу ооруканага жаткырылган. Ал эми экинчи унаадагы 3 жүргүнчү ооруканага көрүнүп кетишкен.

ЖККК кызматкерлери окуя болгон жерге өз убагында барышып, жабыр тарткандарга биринчи тез жардам көрсөткөн. Учрда Түп райондук тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×