Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 20.12.2018 08:31 На русском

Айыл турмушу: Мүнүшкөр И.Кыдыров А.Акаевге жана Россиянын программасы үчүн бүркүт менен оюн көрсөтүп берген (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 63 жаштагы тургуну Ишенбек Кыдыров туңгуч президент А.Акаевге жана Россиянын «Орел и Решка» программасы үчүн бүркүт менен оюн көрсөтүп берген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишенбек Кыдыров Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин 1980-жылы аяктаган.

«Мүнүшкөрлүк өнөргө бала кезимен эле кызыгам. Чоң атам жана өзүмдүн атам куш, бүркүт салган кишилер болчу. 1980-жылдан бери окуумду бүтүп эле куш, бүркүт, ителги кармап жүрдүм. Бүркүтүмдүн аты Туман, 4 жашта. Ошондой эле эки тайганым бар. Көк-Куш 4 жашта, Кербилек 1,5 жашта. Эки тайган кубалап, бүркүткө оңой алганга жардам беришет.

Эң биринчи 1984-жылы Кыргызстандын 60 жылдыгына катышкам. Кийин Аскар Акаев жана жубайы үчүн бүркүт салуу өнөрүмдү көрсөткөм. Англиядан алгыр куштарга кызыккан сүйүүчүлөрдүн тобу келди. Аларга дагы аңчылыкты көрсөтүп бердим. Аябай кызыгып мени Англияга Лондон шаарына чакырышты. 10 күнгө барып келдим, жол кире болгон чыгымды өздөрү төлөштү. Ошондо Англияда бүткүл дүйнөлүк алгыр куштардын фестивалы болгон. Андан тышкары "Орел и Решка" программадагы Настя деген кыз келген. Ал негизи аркы өйүзгө Чолпон-Ата жакка Кырчын жайлоосуна келген экен. Ал эртеси эртең менен мага келип, ага бүркүт түлкүнү кантип алат ошону көрсөттүм. Телевиденияга тартып, аябай кызыктуу болду деп 200 доллар төлөп беришкен», - деди ал.

Ишенбек Кыдыров: «Учурда ушул ит агытуу, куш салмай өнөрдү сактап калдым деп ойлойм. Туризмди өнүктүрүүгө чоң түрткү болууда. Анткени чет өлкөлүктөр аябай кызыгат экен. Келген туристтерге шоу көрсөтүп турам. Сынактарга, фестивалдарга барып катышам жана спорт менен дагы алектенем. Жакында эле Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата Каракол шаарында ардагерлер арасында облус боюнча стол теннисинин биринчилиги өттү. Мен 2-орунду алдым.

Бош убактымда короо жай, мал менен өткөрөм. Окуучуларым бар, аларга бүркүт салганды үйрөтөм. Ат минип алып аңчылыкка чыгам. Келечекте ушул өнөрдү өркүндөтүү, таштабай алып жүрүү, муундан муунга калтыруу. Неберелеримден менин өнөрүмдү улагандар чыгат деп ойлойм», - деди.

Ишенбек Кыдыров бир уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×