Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 19.12.2018 17:40

Чолпон-Атанын тургуну Б.Асанбаев сейил бакты мэрияга өткөрүп берди (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын тургуну, Бактыбек Асанбаев акын Алыкул Осмоновдун үй музейинин жанындагы сейил бакты мэрияга өткөрүп берди.

Маалым болгондой, Б.Асанбаев үй музейди 2009-жылы негиздеген. Ал эми музейдин жанындагы сейил бакка 2015-жылы А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата анын айкели орнотулуп, арчалар отургузулуп жасалгаланган.

Б.Асанбаев мэр Талантбек Сарбагышев менен жолугуп, мэрия мындан ары сейил бакты гүлдөтүүгө аракет кылат деген ишеничин билдирди. Буга чейин Б.Асанбаев паркка өзү кам көрүп келген.

Өз кезегинде мэр Т.Сарбагышев бул жерди акын-жазуучулардын чыгармачылыгын арттырууга салым кошкон сейил бакка айлантарын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.1% (842)
«РСК Банк»
28.87% (539)
«Айыл Банк»
8.68% (162)
...
Всего голосов: 1867
×