Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.12.2018 07:58

Айыл турмушу: Чынаргүл Асаналиеванын 120 миң сомдук шырдагын арабдар сатып алышкан (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 60 жаштагы тургуну Чынаргүл Асаналиева 16 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал бул өнөрдү апасынан үйрөнгөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Чынаргүл Асаналиева Фрунзе шаарындагы финансы техникумунда билим алган. Учурда боз үйдүн жасалгаларын жана шырдак жасайт. Анын айтымында, кичинекей кезинде эле көйнөк тигип, кол өнөрчүлүккө шыктуу болгон. Турмушка чыккандан кийин да кайын энеси кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөткөн.

«Көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алекмин. Билгенимди кыздарыма, келиндериме үйрөтөм. Алар менен бирге шырдак жасайбыз. Ал эми шырдактын баасы анын өлчөмүнө жараша болот. Бир шырдакты 10 күндө жасап бүтүрөбүз. Мисалы, туурасы да, узуну да 2 метр шырдактар 15 миң сомго чейин бааланат. Биринчи Көчмөндөр оюндарында 120 баштуу боз үй жана 120 миң сомдук шырдак алып барганбыз. Анын туурасы-узуну 12 метр болчу. Боз үй менен шырдакты арабдар сатып алган. Алар бизден өткөн соодагер болушат экен. Бардыгын эсептегенден кийин алышты. Шырдакты көбүнчө америкалык туристтер сатып алышат», - деди ал.

Кол өнөрчү кыз-келиндери менен бирге буйрутма менен Улуттук тарых музейине төрт бурчтуу шырдак жасап берген.

«Ошондой эле шырдактарым Финляндия, Түркия, Татарстанга чейин сатылды. Алар шырдактын нукуралыгына, тазалыгына, жылуулугуна жана оймосуна кызыгып, терең философияга ээ экенин байкашат. Ар бир оймонун мааниси болот. Мындан тышкары Россияда иштеген мекендештер да сатып алат. Кыздын себине арнап да буйрутма беришет. Жылына 10-12 шырдак жасайбыз», - деди ал.

Ал 2 уул жана 4 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×