Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.12.2018 08:29 Жаңыланды: 18.12.2018 13:57 На русском

Сүрөт: «Сакалчан жеңе» — Бурулуш Тойгонбаева 4 бала төрөгөндөн кийин сакал өсүп баштаган

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Темир айылынын 68 жаштагы тургуну Бурулуш Тойгонбаеваны «Сакалчан жеңе» деп тергешет. Чынында эле Бурулуш апанын сакалы бар.

Өзүнүн айтымында, 4-баласын төрөгөндөн кийин, тактап айтканда 34 жашында сакал өсүп баштаган.

«Жаңы өсүп баштаганда жулуп, тазалап көрдүм. Бирок андан кийин абдан көбөйүп кетти. Ошол учурда кудагыйым сакалды жулбашым керектигин, касиет экенин айткан. Отуз жылдан ашты, ушул сакал менен жүрөм. Чочун адамдар таң калып карай беришет. Бирок мен мындай көз караштарга көнүп деле бүткөм», - деди Бурулуш апа.

Ал Ысык-Көл районунун Кожояр айылында төрөлүп, ошол жерде өскөн. Анын айтымында, 4 баласы тең көз жумуп, учурда жолдошу экөө 7 небересин тарбиялап жатышат.
Буга чейин Казакстандагы 70 жаштагы чоң апа 35 жылдан бери сакал өстүрүп келгени маалымдалган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Казакстандын түштүк аймагында жайгашкан Түркестан облусунун Казыгурт районуна караштуу Турбат айылында жашаган Мухтабар Тораеванын сакалына кошуналары көп маани бербей калышкан.
Мухтабар Тораева
Мухтабар Төраева

Мындай көрүнүш медицинада гирсутизм деп аталат.

Негизги себептери:

1) Тукум куучулук— бул көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк анамнез менен байланыштуу;

2) Бир катар факторлор. Алардын катарында эндокриндик системанын бузулушу да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×