Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ысык-Көл облусуТүп району 15.12.2018 16:31 На русском

Жубайлар: Казак жигит менен болгар кызы эки элдин салты менен үйлөнүшкөн (сүрөт)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — 31 жылдан бери бирге жашаган Марат Елебаев менен Галия Елебаев. М.Елебаев жубайын бир көргөндө эле жактырып калганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Ал Түп районунун Ой-Тал айылынын тургуну, учурда 54 жашта. 21 жашында Кутургу айылындагы болгар кызына баш кошкон. Анын айтымында, өзүнүн улуту казак. Үй-бүлөдө бир туугандарынын ичинен улуусу, эжелери жана карындашы бар.

«Ата-энем айылдагы коомдук жашоого активдүү катышышчу. Бир жолу алар менен Кутургу айылына конокко бардым. Ал жерден Галияны биринчи жолу көрдүм. Анда ал көзү көк кичинекей кыз болчу. Аны менен таанышып, достугубузду улантууну каалап, айылына келип жүрдүм. Жарым жыл дос болуп жүрдүм, ата-энелерибиз да бири-бирин жакшы таанышчу. Галия казак эмес, болгар кызы экени ата-энемди ойлондурган жок. Галияга баш кошуу ниетим бар экенин билдирсем атам менен апа мени колдошту», - деди ал.

Марат Елебаев жубайын кантип үйүнө алып кеткенин айтып берди.

«Анын үйүнө достору менен бардым. Андан кийин унаага отургузуп, алып кеттик. Төрөлүп өскөн жеримдин, тактап айтканда кыргыз жана казак элинин салты менен үйлөндүм. Галия кыргыз келиндери сыяктуу эле улууларга жүгүнүп салам берип, бардык каада-салтты сактайт. Ошондой эле балдарыбызды да кыргыз элинин салты менен тарбияладык», - деди ал.

Жубайлардын 2 кыз жана 2 уулу бар. Кыздарынын баары турмуш курса, уулдары сүйүктүүлөрүн интернационал үй-бүлөлөрдөн жолуктурушкан. Улуу кызы Бишкекте жашаса, экинчи кызы Жалал-Абадда, кичүүсү Чүйдө жашайт.

«Уулдарыбызды үйлөнтө элекпиз. Кыздарыбыз бизге 5 небере белек кылышты, алар биздин жашообузду кубанычка жана бакытка бөлөйт. Өзүм үй кожойкеси болсом, Марат жайыт комитетинин төрагасы. Биз жаңы үйлөнгөндө мени көрүүгө кызыгып келишчү. Жолдошумдун, кайын энемдин колдоосу менен үй-бүлөгө аралашып, өз ордумду таптым. Нике тойдон кийин мени көргөнү келгендерге алгач көнө алабай жүрдүм. Бакыт улуттан көз каранды эмес. Эң негизгиси жубайлар бири-бирин колдоосу керек. Маратты жолуктурганыма абдан кубанычтамын, ал менин тирегим жана балдарымдын атасы», - деди Галия.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×