Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.12.2018 17:27

Түптүн Кутургу айылындагы мектептин эски имараты бала бакчага айланды (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Кутургу айылындагы мектептин эски имараты бала бакчага айланды. Ал эми мектептин жаңы имараты 2017-жылы курулуп, колдонууга берилет.

Учурда бала бакчада 100дөй бала тарбияланып жатат.

«Биздин бала бакчада 3 тайпа бар. Буга чейин айылда мектепке чейинки билим берген мекеме жок болчу. Учурда тарбиялануучулар Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен план боюнча окуп жатышат. Ар кандай донорлор, ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду эмерек сатып беришти», - деди бала бакчанын жетекиси Гүлжасал Саскеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×