Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.12.2018 08:05 На русском

«Тагдыр»: Үшүк алган буттарын кестиргенден кийин ата-энесинен, 2 бир тууганынан айрылган Темирландын кыялы (видео)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 23 жаштагы тургуну Кемел уулу Темирлан мектепте окуп жүргөндө эки бутунан ажырап, майыптык арабага отурууга аргасыз болгон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кичинекей кезинде эле ата-энесинен, 2 бир тууганынан ажырап калган.

«5-класста окуп жатканда кышында эшикте муз тээп ойноп жүрө бериптирмин. Ошол жылдары суук катуу болуп жаткан. Кечинде үйгө келип, бут кийимимди чечейин десем тоңуп калыптыр. Атам бычак менен бут кийимимди кесип, үшүгөн бутумду көрүп, дароо ооруканага алып барган. Бутумдун үшүгөнүнө карабай, ойноп жүрө бериптирмин. Балыкчы шаардык ооруканасынан бизди Бишкекке жиберишти. Ал жактан кеч болуп калганын жана бутумду кесүүгө аргасыз экенин айтышып, тизеден кичине ылдыйраак жеринен кесип салышты. Ошондон бери майып арабага отуруп калдым. Окуумду дагы уланткан жокмун», - дейт ал.

Темирлан алгач апасынан, андан кийин атасынан, дагы эки бир тууганынан айрылганын айтат.

«Мен 12 жашымда апамдан айрылдым. 2013-жылы атамдын көзү өтүп кетти. Өзүм 6 бир тууганмын, 4 кыз, 2 эркекпиз. Байкем түрмөдө каза болуп калган, бир эжем төрөгөндөн кийин көз жумган. Учурда 3 бир тууганым бар. Алар турмушка чыгып, өз жолдору менен кетишкен. Бирок сүйлөшүп, катташып турабыз», - дейт ал.

Анын айтымында, учурда ал Бишкек шаарында досу менен жашайт.

«Арабам сынып калып, көптөн бери кыйналып жаттым эле. Бир байке жардам берди. Ал таксист болуп иштейт экен. Бир жолу такси чакырып, жолдо баратканда мен жөнүндө сураганынан баарын болгондой айтып бергем. Ошондон кийин жолдон токтоп, мага тамак алып берип, бекер эле жеткирип койду. Ошентип эртеси ошол байке бир араба алып келип берди. Мындан сырткары, уюлдук телефонум жок болчу. Уюлдук телефон да ала келиптир. Аябай ыраазы болдум. Ушундай боорукер адамдар бар экенине кубандым», - дейт Темирлан.

Ошондой эле ал келечекке болгон максаттары менен бөлүштү.

«Мен буюрса басып, өз алдымча иштегим келет. Азыр медицина өнүккөн учурда менден дагы оор абалдагы адамдар бутуна туруп жатат. Мага эмне үчүн болбосун деген чоң үмүт бар. Жумуш тапканга аракет кылдым. Бирок майып арабада отурган адамды эч ким албайт экен. Менин арабада отурганым эле болбосо, акыл-эсим ордунда, колумдан бардык эле жумуштар келет. Мен дагы башка адамдардай болуп иштеп, акча таап, бутума турсам деген тилегим бар. Бул кыялдарым ишке ашат деп ишенем», - деди Темирлан.

Жардам берүүнү каалагандар 0508 08 64 08 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×