Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.12.2018 10:42 На русском

Ысык-Көлдөгү пансионатта ишкердин «Гелендвагенин» өрттөөгө буюртма берген УКТнын мүчөсү кармалды (фото)

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын оперативдүү кызматкерлери 2015-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында жасалган кылмыш иштин бетин ачышты.

ИИМдин басма сөз кызматы 13-декабрда маалымдагандай, 2015-жылы июль айында Ысык-Көл районунда жайгашкан «Дельфин-де-Люкс» пансионатында белгисиз жарандар борбордун тургунуна таандык «Мерседес-Бенц G-500» унаасын өрттөп кетишкен.

Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүмү (Билип туруп мүлктү жок кылуу) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында оперативдүү-тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында бул кылмыш иш буюртма мүнөзгө ээ жана криминалдык структуралардын кысымы бар экендиги аныкталган.

«Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө криминалдык милициянын кызматкерлери буюртма берген иштин аткаруучусун аныкташкан. Ал учурда башка кылмыш үчүн жазасын өтөп жаткан Б.А. экени аныкталган. Ал унааны өрттөп жиберүүгө шектүү деп эсептелинүүдө», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

12-декабрда криминалдык милициянын кызматкерлери аталган кылмышка буюртма берген адамды аныкташкан.

«Ушул жылдын 11-декабрында кылмышка шектүү делип, 1979-жылы туулган А.Т. кармалган. Ал 2010-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 15 жылга эркинен ажыратылган», - деп айтылат маалыматта.

Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын маалыматына караганда, А.Т. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Ал Москвадагы кыргыз диаспорасында «положенец» болуп саналат. Мындан тышкары, учурда анын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү менен козголгон кылмыш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук процесстер жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×